Европа VFreight үчүн артыкчылыктуу эл аралык багыттарынын бири болуп саналат.
Жүк ташуу транспорттун ар кандай түрлөрү менен жүзөгө ашырылат: жүктүн мүнөзүнө, салмагына жана жеткирүүнүн так өлкөсүнө жараша аба, авто жана мультимодалдык жолдору аркылуу жеткирилет.
VFreight тарабынан ЕБ өлкөлөрүнө эң көп ташылган товарлары болуп бал, кийизден жасалган буюмдар, текстилдик продукциясы, тирүү жаныбарлар, тетиктер, кооптуу жүктөр жана башкалар эсептелет.
- Евробиримдик өлкөлөрүнө товарларды жөнөтүүдөн мурун, ар бир экспортер REX системасын билүү зарыл, ал экспорттолгон товардын преференциялуу келип чыккан жерди тастыктоого эсеп-фактурага конкреттүү декларацияны же башка коммерциялык документти кошуу мүмкүнчүлүгүн берет. Азыркы учурда системада катталган экспортерлор гана “Товардын келип чыгышы жөнүндөгү арызды” ЕБ, Швейцария жана Норвегияга өзүнүнүн экспорттук партияларын жөнөтүүдө тапшырууга укуктуу.
- Европа биримдигинин өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн ар бир жүк үчүн эсеп-фактура, бажы декларациясы, шайкештик сертификаты жана башка кошумча документтер талап кылынат.
- Европага товарларды ташууга бир катар чектөөлөр бар, аларды VFreight мыйзам алкагында жеткирүү жүргүзбөйт.
Аларга төмөнкүлөр кирет:
– аскердик-техникалык жүк;
– авиациялык жана ракеталык-космостук жүктөр;
– жыгач, кайра иштетилген кагаз, картон жана макулатура;
– минералдык жана химиялык жер семирткичтер;
– мунайды кайра иштетүү продукциялары;
– Жана дагы көп нерселер.
Евробиримдиктин өлкөлөрүнө товарларды импорттоо эрежелери жана керектүү документтер тууралуу кененирээк VFreight адистери менен WhatsApp аркылуу бизге кайрылып акысыз кеңеш учурунда биле аласыз!