5-августта Электрондук Коммерция боюнча Ассоциациясы бул тармактагы эксперттер менен MEET-UP өткөрдү.
VFreight командасы эл аралык логистиканын мыкты адистеринин бири катары спикер болуп катышууга чакырылган.
Биздин адис Бегимай Мааткурбанова Кыргызстандан экспорттун өзгөчөлүктөрү менен бөлүшүп, ошондой эле VFreight компаниясынын ишмердүүлүгү жана кызматтары тууралуу маалымат берди.
Презентацияда ошондой эле Кыргызстан үчүн жаңы багыт катары маркетплейс – Amazon сунушталат.
Бул VFreight командасы үчүн кызыктуу чаралардын бири болду!